Мирбек Атабеков – Барам сага
- Длительность: 03:32
- Качество: 320kbps
- Размер: 8.1 Мб
- Релиз: 24 Декабрь 2025
- Скачиваний: 257
Похожие песни
С этим исполнителем слушают
Текст песни
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде
Асманда буркут шамшып учкан кезде
Саамайларын сеңселткен ак-кайыңдар
Саамашып сагынчымды уккан кезде барам сага
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага
Ширесин карагаттар чачкан кезде
Ажарын жоогазындар ачкан кезде
Кучактап бейкутчулук түн куйунун
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага
Гүлдөргө аарылары конгон кезде
Бал чөбү ой алманын соргон кезде
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага
Ай барам сага
Асманда буркут шамшып учкан кезде
Саамайларын сеңселткен ак-кайыңдар
Саамашып сагынчымды уккан кезде барам сага
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага
Ширесин карагаттар чачкан кезде
Ажарын жоогазындар ачкан кезде
Кучактап бейкутчулук түн куйунун
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага
Гүлдөргө аарылары конгон кезде
Бал чөбү ой алманын соргон кезде
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага
Ай барам сага
На этой странице доступна песня «Барам сага» от Мирбек Атабеков: онлайн-плеер, MP3-загрузка, данные о треке и похожие песни для продолжения прослушивания на Muzly.net.
Комментарии